Лира Seven турмушка чыгабы? Ырчы колун сураган мырзага макулдугун бергенин айтат

Өзгөчө стилдүү ырчы Лира Seven турмушка чыгабы? Ырчы колун сураган мырзага макулдугун бергенин SUPERTV`га билдирди.

“Буга чейин 34 жашымда кыргызга Манастын 2-версиясын төрөп бергим келет деп айткан элем. Оозума сала бергендей эле болот окшойт. Колумду сурап жүргөн жигитке макулдугумду бердим. Аны менен эжем аркылуу таанышкам. Алгачкы бир жыл телефон аркылуу эле сүйлөшүп жүргөнбүз. Буюрса, үлпөт тоюбузду жай мезгилине пландап жатабыз”, — дейт ырчы.

Ошондой эле, учурда Москвада жүргөн ырчы, ал жакта эмне менен алек болуп жатканына токтолду: “Азыр бул жакта IT тармагында билим алып жатам, “GeekBrains” университетине тапшыргам. Такыр эле окууга тойбой койдум окшойт. Себеби буга чейин бир окуу жайды 7, экинчисин 6 жыл окугам. Андан сырткары «Design by Lira Seven» кийимдер линиясын улантуу максатында Москвага да ателье салууну көздөп жатам. Ошол тармакты өнүктүрүү да алдыңкы планымда”.