Маданият министри Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолукту

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

“Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды. Министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты. Артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды”, — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин ырчы Курал Чокоев жаңы долбоор баштап, аны жеке ютуб каналына жүктөгөн. Анда Курал Чокоев алып баруучу болуп, долбоорго келген коноктор менен ар кыл темада маек курушат. Арасында сөгүнгөн, цензурага туура келбеген да сөздөр бар. Долбоорго Кайрат Примбердиев конок катары чакырылган. Мындан улам Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эгер аталган ырчылар элден кечирим сурап, долбоорду жаппаса аларга карата чара көрүлө турганын айткан. Андан соң Курал Чокоевге берилген «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алып, ал эми Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу сунушун Президенттик Аппаратка жиберген. Ал эми Президенттик Аппарат Примбердиевди наамынан ажыратуу мыйзамсыз деп тапты.