«Максатым – атамдан алган билимибизди кийинки муунга калтыруу». Нурайым Азыкбаева мектеп-студия ачты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурайым Азыкбаева улан-кыздарга ылайыкталган музыкалык мектеп ачты. Бул тууралуу ал SUPERTV`га билдирди.

“Өзүм көп жылдан бери сабак берип келем, төрт муун окуусун аяктады. Бешинчи муун үчүн өзүмдүн мектеп-студиямды ачууну туура көрдүм. Анткени окуучуларымдын саны күндөн-күнгө  көбөйүп жатат. Максатым – атамдан алган билимибизди кийинки муунга калтыруу. Негизи бул мектепти карантинде эле ачканбыз. Бирок өлкөдөгү кырдаалга жана ошол учурда  кош бойлуу болгондугума байланыштуу жарнама иштерине көп көңүл бура алган эмесмин. Азыр деле бала менен убактым аз, ага карабай сааты менен жумушка чыгып, сабак берип жатам. Менден сырткары дагы 3-4 мугалим сабак өтөт. Ал эми үйлөмө аспаптарды атам өзү үйрөтөт. Көптөр мугалимдикти  продюсерлик менен алмаштыра беришет экен. Мен продюсер эмесмин. Бирок окуучуларыма тийиштүү кеп-кеңештеримди бере алам”, — дейт ырчы.