Министрлер кабинетинин төрагасы Александр Волкодавга 100 миң сом бөлүп берет

Александр Волкодавга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан жана президенттин иш башкармалыгынан 100 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 15-апрелдеги No303 буйругунда айтылат. 

“Голос 10” долбоорунун финалы 30-декабрда өткөн. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Волкодав 53,3% добуш алып, жеңүүчү аталганы белгилүү. Ошондой эле, жаш аткаруучу ырчы Пелагеянын өз тобуна кошулуу сунушун кабыл алган. Азыр ал «Пелагея» тобунун солисти.