Мирбек Атабеков: «Агитацияга ким көп акча коротсо, ошол талапкер өтөт болушу керек»

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков учурда өтүп жаткан  президенттик шайлоо жана өлкөнү башкаруу формасын тандоо референдуму тууралуу үн катты. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында төмөндөгүдөй пикир калтырган:

«Садыр Жапаровду мактагандан же бир нерсе айтуудан алысмын. Баарыбыз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн деп келебиз. Эгер үмүттөрдү актаса, мен кубанычта гана болом. Бирок, хадисте «Кандай болсоңор, ошондой башкарыласыңар же башыңарга өзүңөргө жараша башчы келет» деген жакшы сөз бар. Ылайым өзгөрүүнү өзүбүздөн баштап, өзгө элдерге үлгү болуп, бийиктикке чыгалы. Баарын убакыт, мезгил, тарых гана таразалайт».

Атабеков дагы бир постунда үгүт иштерине ким көбүрөөк каражат коротсо, ошол талапкер өтөт деген билдирүүсүн калтырды.

 «Эл кандай болсо, башкаруучусу да так ошондой болот. Бизде болгон президенттерди, болушунча баарыбыз жамандадык, нааразы болдук, бирок ошолорго добуш берип, аларды президент кылган өзүбүз, демек өзүбүздө күнөө бар. Тилекке каршы, бул ирет да менин оюмча, үгүт иштерине ким көп акча коротсо, ошол талапкер өтөт болушу керек». 

2020-жылдын 4-октябрындагы Парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоого ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген да катышкан. Кийинчерээк жубайлар АКШга кетишкени маалым болгон.