Мирбек Атабековдун жубайы алар тууралуу айтылып жаткан кептерге жооп берди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпберген алар тууралуу айтылып жаткан кептерге жооп берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бизди эч ким коркутуп-үркүткөн жок! Менин жеке себептериме жана Мирбектин жөтөлүнө байланыштуу кеттик. Жыл сайын Жаңы жылга чейин жана кийин өлкөдөн сыртка чыгууга аракет кылчубуз. Себеби соңку 3 жылда булганган абадан, ыштан улам Мирбектин жөтөлү күчөп, чет жакка чыкканда гана айыкчу”, — деп жазган ал.

Ошондой эле “Азыркыга чейин “аянтка чыгып легитимдүүлүктү талап кылуунун кереги жок болчу”, “эмнени кыйраттыңар?” дегендер бар”, — деп кошумчалаган. Бирок митингдерге катышып, өз жарандык позициясын билдиргенине эч өкүнбөй турганын да билдирген.

Белгилей кетсек, октябрь айындагы толкундоолордо ырчы менен анын жубайы эл алдына чыгып сүйлөгөнү айрым интернет колдонуучулар арасында талкуу жаратып, ырчы «митингде чагымчыл сөздөрдү айтты» деген билдирүүлөр тараган.

Мирбек Атабековдун үй-бүлөсү өткөн жылдын ноябрь айынын соңунда АКШга кеткен. Анда эл арасында Мирбек Атабековго коркутуп-үркүтүүлөр болгондуктан, чет жакка кетти” деген кептер айтылган.