Миргүл Эсеналиева эми ырчы Тамгага менеджер болот

Буга чейин Омар, Арсен, Бек Исраилов жана Толгонай Арзыкеева менен иштешкен продюсер жана менеджер Миргүл Эсеналиева дагы бир талантты өз карамагына алды. Эми ал “Эйфория”, “Ой бой, бой” деген чыгармалары менен эл оозуна алына баштаган жаш ырчы Тамга менен иштеше баштады.

“Октябрь айында Тамганын продюсерлери Чыңгыз Альберт, Венера Ким менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Анын жыйынтыгында мен Тамгага менеджердик кылууну колго алдым. Ал эми продюсерлик милдет мындан ары деле алардын моюнунда болот”, — дейт Миргүл Эсеналиева.

Бир эмес үч адамдын колдоосу менен чыгармачылыкка киришкен Тамгадан эми шоу-бизнести дүң кылган жаңылыктарды күтөбүз!