Модель Эркеайым Абдуллаева экинчи наристесин күтүүдө

Модель жана актриса Эркеайым Абдуллаева экинчи наристесин күтүүдө. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“2020-жыл, сага рахмат! Жылдын башында уулдуу болсок, жыл ортосунда экинчи ирет апа болууга мүмкүнчүлүк бердиң”, — деп жазган ал.

Буга чейин моделдин жолдошу Тай-Мурас Ташиев да социалдык тармактагы баракчасына жубайы менен түшкөн сүрөттү жүктөп, “Кыз экен” деген билдирүү калтырган. Бирок көп өтпөй ал билдирүүнү өчүрүп салган.

Белгилей кетсек, Эркеайым Абдуллаеванын жолдошу Тай-Мурас Ташиев – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.