Модель Мариса Папен акулалардын арасында жылаңач фотосессия жасады

Playboy журналынын модели, бельгиялык Мариса Папен акулалар арасында жылаңач фотосессия жасады. Анын сүрөттөрүн чет элдик басылмалар чыгарышты.

26 жаштагы модель Тынч океанындагы жырткыч акулалардын арасында жылаңач сүрөткө түшкөн. Сүрөттөр жай мезгилинин аягында Оаху аралында тартылган.

Сүрөткө түшүү үчүн 45 мүнөт убакыт кеткен. Ал убакытта модель 20 жолу сууга чумкуп чыккан.

Мариса Папендин айтымында, жырткыч акулалардын жанында жүрүү ал үчүн эч кандай коркунуч туудурган эмес. “Акулалар менен бирге сүзүү менин жашоомдогу эң тынч жана беймарал өткөн тажрыйба болду” деген ал.

Ошондой эле жылаңач сүрөткө түшкөндүгүн “Стереотиптерге каршы тургум келди. Анткени коомдо жылаңачтануу акулалардай эле жаман көрүнүш катары кабыл алынат” деп түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, модель буга чейин Түркиядагы София мечитинде жылаңач сүрөткө түшүп, көпчүлүктүн талкуусун жараткан.