Мындан ары афишаларга жана билеттерге «жандуу үн» же «фонограмма менен» деп милдеттүү түрдө жазылмай болду

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, мындан ары концерттердин афишаларында жана билеттеринде «Жандуу үн» же «Фонограмма менен» деп милдеттүү жазылууга тийиш.

Бул тууралуу кызматтан кетип жаткан министр Нуржигит Кадырбеков билдирип, муну угармандардын укугун сыйлоо, музыкалык исскуствону жана аткаруучулардын дараметин өнүктүрүү деп атады.

«Фонограмма жөнүндө» мыйзамга ылайык, концерттин түрү афишаларда, жарнамаларда көрсөтүлүшү керек.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Фонограмма жөнүндө» мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизилерин 2020-жылдын 30-декабрында билдирген. Ага ылайык, мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салган буйрук чыгарылмак.