Назира Бердигулова: «Туулган күнүм шеринеге туш келип калды»

Кечээ, 7-январда актриса жана алып баруучу Назира Бердигулова 32 жашка чыкты. Актриса туулган күнү шеринеге туш келип калганын айтат.

«Чыгармачылыктагы жана жашоодогу эже-сиңдилер, курбулар менен кезектешип шерине өткөрөбүз. Менин туулган күнүм да шеринеге туш келип калгандыктан, жакындарым ошол жактан эле куттукташты. Атайын туулган күндүк кече уюштуруп, белгилеген жокмун», — дейт ал.