«Өлкөдөгү эң мыкты окуу жайга айланат». Самара Каримова жетекчилик кызматына кайтып келди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бүгүн, 15-январда Оштогу Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын жетекчиси кызматына кайтып келди. Бул тууралуу ырчы өзү SUPER TV`га билдирди.

“Бүгүн Маданият, маалымат жана туризм минисрлиги тарабынан расмий түрдө буйрук чыгып, мен кызматка кириштим. Жамаат да туура түшүнүү менен кабыл алды. Бул окуу жай мурда өрттөнүп кеткендиктен, учурдагы абалы начар. Кудай буюрса аз убакытта өлкөдөгү эң мыкты окуу жайга айланат”, – деди ырчы.

Эске салсак, Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, бирок үч күндөн кийин ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен кызматтан алынган. Буга байланыштуу ырчы аталган министрликти «менин кызматка дайындалгандыгым тууралуу буйрукту мыйзамсыз жокко чыгарган» деген негизде сотко берип, жеңип алганын айтат.

Кечээ, 14-январда аталган окуу жайдын жамааты менен тааныштыруу учурунда, айрым кызматкерлер тарабынан ырчынын жетекчи болушуна нааразы болгондор чыккан. Мындан улам, социалдык тармактын канчалаган колдонуучулары, алардын арасында Акбар Сүйүнбаев, Чынара Капаров, Назира Кадыева жана башка чыгармачыл инсандар да ырчыны колдоп, “Жаштар иштесин дейбиз, жаштар келсе көрө албай, бут тособуз” деген өңүттөгү пикирлерин калтырышууда.