Режиссёр Ырысбек Жабиров кайната болду

Режиссёр Ырысбек Жабировдун уулу үйлөндү. Маалыматты ал өзү тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.

“Уулум Сыймыктын үйлөнгөнүнө 2 жума болуп калды. Улуу кызымдан кийинки эле уулум да. Алгачкы ирет келиндүү болуп, кубанып турабыз” деди ал.

Ал эми социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүчө билдирүү калтырган:

“Конституциялык өзгөрүүлөр менен демократиялык кадамдарым чектелди. Эки жумадан бери өзүмдү тааныбай баратам. Тим эле хамелиондой өзгөрдүм. Анткени, үй-бүлөлүк система өзгөрдү.

1) Майкачан үйдө баспай калдым.

2) Ашкананы сагынсам да кирбей калдым жана муздаткычтын эшигин ачканды сагындым.

3) Чалкалап диванда жатпай, түз олтуруп калдым.

4) Оозуман адашып чыгып кетчү «ак, кара иттерден» дайын жоголду.

5) Аялыма, тагыраагы келинчегиме маданияттуу сүйлөп калдым.

6) Бирөө чалып калса, кыйналсам да аксаңдап холлдон кабинетке кирип акырын сүйлөшүп калдым.

7) Сыналгыдан кино көрбөй атам (качан өбүшүп жиберет деп коркуп). Жалаң «познавательный» каналды көрүп атам.

Ушундай туугандар, үйүңө келин келсе, дароо тарбияланат экенсиң. Кыскасы, мен кайната болдум…

Балдарым бактылуу болсо, мен бактылуумун.

PS: Жакында той, буйруса» деп жазган ал.