Режиссёр Ырысбек Жабиров уулун үйлөнттү… Ырчылардан саясатчыларга чейин келген тойдон репортаж

Кечээ, 25-декабрда режиссёр Ырысбек Жабиров уулун үйлөнтүп, алгачкы ирет келиндүү болду. Анын жакшылыгына чыгармачыл инсандардан тартып, саясатчыларга чейин келишти. Той адаттагы тойлордон бир топ өзгөчөлөндү. Тагыраагы алгач манас айтуу менен башталып, андан соң алас айтылып, эки жашты жар-жардын коштоосунда шайыр апалар алып киришти.

Эки жаштын жакшылыгын кененирээк видеодон көрө аласыз.