Садыр Жапаровдун карындашы жеңүүчү болгон сынактын уюштуруучусуна “Маданияттын мыкты кызматкери” сыйлыгы тапшырылды

Сулуулар сынагынын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Маалыматты ал SUPER TV`га тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.

“10 жылдан бери сулуулар сынагын уюштуруп, маданият жаатында эмгектенип келем. Бул аралыкта мамлекет тарабынан эч кандай көңүл буруу болгон эмес. Бүгүн гана алгачкы ирет сыйландым. Кубанып турам. Негизи бир айдан бери документтерди чогултуп, сынак күнү сыйлык тапшырылса керек деп күтүп жаткам. Бирок анда “комиссия карап жатат” деген жооп болгон. Бүгүн күтүлбөгөн жерден ушундай жагымдуу жаңылык болду”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Рыскүл Намазбекова уюштурган “Кыргызстан сулуусу-2020” сынагында Садыр Жапаровдун карындашы Гран-Прини жеңип алганы коомчулук арасында кызуу талкууга алынган. Эл арасындагы кеп-сөздөргө жооп иретинде уюштуруучу менен жеңүүчү SUPER TV`га маек берген.

Маекти төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.