Самара Каримова 120 сериялуу өзбек сериалына тартылууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 120 сериялуу өзбек сериалына тартылууда. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Эл аралык деңгээлдеги “Кадырхан” деген сериалга тартылууга чакыруу алдым. Режиссёр Ташкенттеги, Кремлдеги концерттеримди көргөн экен. Ошко келип бир канча эпизод тартып кетишти. Өзбекстандык кесиптештер абдан мыкты, тез иштешет экен. Тартып, ошол эле учурда монтаж кылып жатышты. Калганы Ташкентте тартылат. Кинодогу образым – кыргызстандык бизнес леди. Оң каарманмын. Кино жаатындагы чоң ролдордун бири болду”, — деп жазган ырчы.