Сыймык жаратат! Кыргыз ырчыларынан куралган «D billions» командасынын ыры «Евровидениеде» жаңырды (видео)

Кечээ, 12-май күнү Туринде өтүп жаткан «Евровидение» музыкалык сынагынын ачылышында биздин мекендештерибиз түзгөн «D billions» балдарга ылайыкталган музыкалык команданын дүйнөгө таанымал «Клап-клап-ча-ча-ча» ыры жаңырды.

Команданын мүчөсү ырчы Джонни күтүлбөгөн жагымдуу кабар болгонун СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. «Кечээтен бери бизге «Евровидение» сынагында жаңырган видеону жөнөтүп жатышат. Чынында, ким аткарганын деле билбейт экенбиз. Бирок кубандык», — дейт ырчы.

Учурда ТикТок сервисинде «D billions» командасынын ырлары, бийлери өзгөчө популярдуу. Буга чейин белгилүү кореялык ырчы PSY да аталган топтун ырына видео тартып, ТикТок баракчасына чыгарган. Джоннинин айтымында, учурда ТикТокто алардын ырларын туурап 2 жарым миллион, Кытай ТикТок сервисинде 250 миллион жолу кыска видеолор тартылган.