Сүйүнчү! Омар уулдуу болду

Ырчы Омар уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү. «Уулдуу болдук. Кудайга шүгүр, жубайым аман-эсен көз жарып алды. Азырынча ат тандай элекпиз. Мүмкүн болсо эркек балага ылайыктуу кыргызча аттардан сунуштаңыздар», — деген ырчы.

Ал эми SUPERTV ырчы менен байланышканда, ал жубайы бүгүн, 14-февралда эртең мененки саат 10дордо көз жарганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

«Уулумдун салмагы 3500 килограмм, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Абдан кубанып турам. Эң негизгиси уулум өмүрлүү, ыймандуу, элине жана динине кызмат кылган инсандардан болуп чоңойсо экен», — деди ал.

Омар менен келинчеги буга чейин Арууке аттуу кызды тарбиялап келген. SUPERTV экинчи ирет ата болгон ырчыны куттуктап, наристеге узун өмүр тилейт.