Талкуудан түшпөгөн Кардашьяндар үй-бүлөсү. Канье Уэст менен Ким Кардашьяндын ажыраша турганы айтылууда

Талкуудан түшпөгөн Кардашьяндар үй-бүлөсү. Америкалык реалити-шоунун жылдызы Ким Кардашьян жолдошу, рэп аткаруучу Канье Уэст менен ажарыша турганын чет элдик басылмалар өздүк булактарына таянып жазышууда. Алардын маалыматында, Ким Кардашьян ажырашуу процессин жүргүзүү үчүн канча деген атактуулардын соттук иштерине жактоочулук кылган Лора Вассерди жалдап, соңку убактарда нике шакегин тагынууну токтоткон. Ал эми жылдыздар өздөрү бул тууралуу эч кандай билдирүү таратыша элек.

Айта кетсек, жайында Канье Уэст социалдык тармактагы баракчасына бир топ таң калычтуу билдирүүлөрдү жазып, көп өтпөй кайра өчүрүп салган. Анда ал жубайы менен ажырашууну көздөп жатканын, жубайы аны үйгө камап, дарыланууга жиберүүнү каалаганын жазып, кайненеси Крис Женнерди “Крис Чен Ын” деп атаган. Бул окуядан кийин Ким Кардашьян жолдошу психиатриялык жактан жабыр тартып жатканын айткан. Ал эми  музыкант жубайынан кечирим сураган билдирүү жазган.

Жубайлар 2014-жылдан бери бирге түтүн булатып, учурда 4 баланы тарбиялап келишет.