Ырчы Толгонай Арзыкеевага жигити сөйкө салды (сүрөт, видео)

Ырчы Толгонай Арзыкеевага жигити сөйкө салды. Мирбек Атабеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу иш-чарадагы видеолор менен бөлүшүп жатат.

Маалыматка караганда, сөйкө салуу жөрөлгөсү «Супара» этнокомплексинде өтүп жатат. Эң негизгиси алар дал ушул күнү расмий түрдө никеге туруп, нике күбөлүгүн алышты.

9-августта Толгонай Арзыкееванын жигити колун сураган. Ал макулдугун берген. Ырчы айымдын жигити Нурсултан Төлөпберген ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпбергендин иниси.