«Тушоо той Ошто өтөт». Аваз Акимов менен Айдана Дека кызынын туулган күнүн белгиледи

Бүгүн, 16-январда кош жылдыз Аваз Акимов менен Айдана Деканын кызы Ариана бир жашка толду. Ырчылар кичинекей наристенин туулган күнүн жакын жоро-жолдошторунун арасында белгилешти.

Ырчылардын айтымында, Ариананын тушоо тою Ош шаарында өтөт.

«Бүгүн жөн гана туулган күндү белгилеп жатабыз. Тушоо тойду бир аз күн жылып калган соң Ошто өткөрөбүз»,— дешет алар.

Жаш балдарга ылайыкталган шоу, жаңы ырдын бет ачары, өзгөчө торт… Тойдогу кызыктарды бир аз убакыттан кийин SUPERTV каналынан көрө аласыздар.