Тынар Курбаналиев өзүнө карата айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берди

Тынар Курбаналиев өзүнө карата айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берди.

Мындан бир нече күн мурун интернет айдыңында куудул Тынар Курбаналиевдин мал-жандыктарды экспорттоого тыюу салынган чечим боюнча эмоцияга алдырып сүйлөгөн сөзү деген аудио тараган. Анда куудул катуу ачууланып, сөгүнгөн жерлерди да угууга болот.

Дал ушул аудиодон соң интернет колдонуучулар тарабынан куудулга карата ар түрдүү сын-пикирлер айтылган. Тынар Курбаналиев тарап кеткен аудио боюнча түшүндүрүп, элден кечирим сурап, видеокайрылуу жасады.

“Элибизде “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” дешет. WhatsApp`тагы тайпада эркектер арасындагы талаш-тартыштан улам эмоцияга алдырып сүйлөп алган элем. Ачуу сөздөрдү айтып, сөгүнүп сүйлөгөнүм үчүн элден башымды ийип кечирим сурайм” деген ал.

Ошондой эле, аталган билдирүү боюнча куудулга карата эч кандай кысым, коркутуп-үркүтүү аракети болбогонун кошумчалаган.