Ырчы Айгерим Расул кызы: «Кыргыз шоу-бизнесинде биринчилерден болуп фэнтези клип тарттым»

Ырчы Айгерим Расул кызы кыргыз шоу чөйрөсүнө өзгөчөлүк киргизчү фэнтези жанрындагы клипти элге тартуулаганы турат. Орусия жергесинен тартып келген клиби тууралуу ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

«Бул клипти мен кыялымдагыдай тарткым келди. Ыр «Кабарыңды айтпадың» деп аталат. Сөзү Абдрасул Кенжебаевдики, обону Расул Маматкуловдуку, клипмейкер Эрнист Сыдыков режиссёрлук кылды. Клипти тартуу үчүн атайын Москвага бардык. Буюрса, фэнтези жанрындагы өзгөчө клип болот. Андан карышкыр, түлкү, түндүк бугулары, карга, үкү, аюу жана башка жаныбарларды көрүүгө болот.

Биз Москвага бара электе аба-ырайы жамгырды көрсөтүп турган. Клипти тартып баштаганда бир тамчы жаан жааган жок, баары шыр, жеңил өттү. Аюуну (аты Стёпа) тартарда ээси «аюу адам жакпаса тартылбай коёт» деп эскертти эле, Стёпа менен бат тил табышып кеттик, сонун болуп түшүп берди«, — дейт Айгерим.

Ырчы айымдан кызыгуу жараткан клиптин бюджети тууралуу сураганыбызда ачык айтпаганы менен кымбат баалуу унаанын акчасын чапчыганын билдирди.