Ырчы Анжелика коронавируска кабылды

Ырчы Анжелика Кайратова коронавируска кабылганы тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Эртең менен тиш пастанын даамын, андан кийин атырдын жытын сезбей калдым. Шоколад жесем, оозумда пластилин жүргөндөй болду. Дароо тест тапшырдым. Мындай күтүлбөгөн кабар мурда коронавируска кабылып көрбөгөн адамга катуу тиет экен. Биринчи ирет кыздарым үчүн корктум. Жолуккан тааныштарымдын ден соолугуна кабатырландым. Компьютердик томографиянын жыйынтыгы — канааттандырарлык деп чыкты. Сасык тумоо менен ооругандай сезим болуп жатат, башым ооруган жок, дене табым көтөрүлгөн жок. Илдет жеңил формада өтөт деп үмүт кылам» деп жазган ырчы.