Ырчы Асел Кадырбекованын апасы ооруп жатат

Ырчы Асел Кадырбекованын апасы Дилбар Монокбаева ооруп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Бул жыл апам үчүн чынында оор жыл болду. Муну апалар гана түшүнөт. Өз балаңдын ооруп жатканын көрүү деле оңой эмес да. Апам бар өмүрүн, жаштыгын жалгыз гана мага арнады. Өзү жалгыз! Азыр ал ооруканада. Тезирээк айыгып кетишин тилеп коёюңуздарчы.

Апа, сизди жакшы көрөм! Оорубаңыз. Тезирээк үйгө чыгып келиңиз” деп жазган ал.