Ырчы Азалияга сүйүктүүсү сөйкө салды

Ырчы Азалияга сүйүктүүсү сөйкө салды. Маалыматты ал SUPERTV’га тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.

«Болочок жолдошум экөөбүз тез арада тил табыштык. Жылдызыбыз келишип, ой-максаттарыбыз бир чыкты. Жакшылыктын эрте-кечи жок дегендей, сөйкө салып, брондоп койду. Ал башка өлкөдө жашагандыктан, той, нике кыюу аземдери ошол жакта болот. Кайсы өлкө экени сыр болуп турсун», — деди ал.

Ошондой эле сүйүктүүсү Кыргыз өлкөсүнө келип, бир ай жүргөн соң кайра чет жакка кеткенин кошумчалады.