Ырчы Джонни сүйүктүүсүнө үйлөндү

Бүгүн, 2-декабрда ырчы Джоннинин үйлөнүү тою өтүүдө. Учурда эки жаш достору менен биргеликте сүрөткө түшүп, кечки тойго даярданып жатышканын күйөө жолдоштун милдетин аткарып жаткан ырчы Марлен Алибеков билдирди.

Той кечинде Бишкектеги тойканалардын биринде орун алат.

Белгилүү болгондой, 29-ноябрда ырчынын жубайынын кыз узатуу тою болгон.

Джоннинин сүйүктүүсүнүн аты – Айжан. Ал Жалал-Абадда төрөлүп, Бишкек шаарында чоңойгон. Эки жаш 2019-жылдан тартып кыз-жигит мамилесинде жүрүп, ушул жылдын февраль айында сөйкө салуу каадасын аткарышкан.

Эки жаштын үлпөт тоюнан репортажды SUPER TV каналынан көрө аласыздар.