Ырчы Эрлан Андашев уулдуу болду

Үй-бүлөсү менен Америка Кошмо Штаттарында жашап жүргөн ырчы Эрлан Андашев уулдуу болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Сүйүнчү, достор! Аллахтын каалоосу менен уулдуу болдук. Буйруса, уулубуз жалпы адамзатка пайдасы тийген инсандардан болсун. Баары үчүн жаратканга шүгүр. Ысымын Халид деп койдук» деп жазган ал.

Эрлан Андашев жубайы Перизат Көпөбаева менен 2010-жылы баш кошуп, 2011-жылы Раяна аттуу кыздуу болушкан.