Ырчы Курал Чокоев элден кечирим сурап, долбоорун жапканын айтты

Буга чейин ырчы Курал Чокоевдин чуу жараткан долбоору тууралуу коомчулукта терс пикирлер жаралып жатканын, ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчыга карата тиешелүү чаралар көрүлөрү тууралуу жазганбыз. Бүгүн, 10-январда ырчы долбоор жана анын форматы үчүн элден кечирим сурап, долбоорду жапканын айтты.

“Урматтуу туугандар, долбоор боюнча көптөгөн билдирүүлөрдү алдык, алардын арасында колдогондор да болду. Бирок көбүнесе негативдүү пикирлер болггондуктан, бул долбоорду токтотуп, мындан ары улантпоону жана видеолорду өчүрүүнү туура көрдүк. Сиздердин ой-пикириңиздер мен үчүн өтө маанилүү. Эгер биздин видеолор, биздин формат кимдир – бирөөгө катуу тийген болсо, кечирим сурайбыз” дейт Курал Чокоев.