Ырчы Назгүл Токтакунова кызынын сүрөтүн коомчулукка көрсөттү

Ырчы Назгүл Токтакунова (Yella) алгачкы ирет наристесинин сүрөтүн коомчулукка көрсөттү. Тагыраагы, социалдык тармактагы баракчасына кызы 1 айлык кездеги сүрөттү жүктөгөн.

“Кечээ кызыбыз 5 айга толду. Ал эми сүрөт бир айлык кезинде тартылган. Өзүңөр байкагандай, сүрөттө мен аябай бактылуу, назик болуп турам. Балдар бизди кандай кылып гана өзгөртпөйт. Мен кызымды төрөдүм деп ойлогонум менен, ымыркайлуу болгон соң өзүм кайра төрөлгөндөй болдум” деп жазган ырчы.

Эске салсак, Назгүл Токтакунова менен жолдошу, ырчы Кубаныч Бакытов 26-июнда кыздуу болуп, атын Амелия коюшкан.