Ырчы Толгонай Арзыкееванын жигити колун сурады (видео)

Ырчы Толгонай Арзыкееванын жигити колун сурады. Мындай жагымдуу жаңылыкты ырчы Мирбек Атабеков Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты.

«Достор, Кудай буйруса Толгонай жакында бизге келин бала болот! Бүгүн менин жакшы көргөн кайним Нурсултан колун сурады! Мен абдан кубанычтамын! Каалоо-тилектерди тоюңарда айтам!»,- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Нурсултан Төлөпберген ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпбергендин иниси.