Ырчылар Кудайберди Айтбосунов менен Толгонай Арзыкеева клип тартуу үчүн Ысык-Көлгө кетишти

Ырчылар Кудайберди Айтбосунов менен Толгонай Арзыкеева кезектеги дуэтин жаздырып, ага клип тарттыруу үчүн Ысык-Көлгө кетишти. Бул тууралуу SUPERTV`га Кудайберди Айтбосунов билдирди.

Буга чейин “Садагам” деген чыгарманы аткарган ырчылар бул ирет Замир Мырза менен Нелянын аткаруусундагы “Биз бакытты издедик” деген чыгарманы жаңылап ырдап чыгууну пландашууда.

“Клипти клипмейкер Эрнист Сыдыков тартат. Азыр Ысык-Көлгө кетип жатабыз. Ал жактагы тартуу иштерин 3 күнгө пландаганбыз. Ал эми клипти февраль айынын соңунда элге тартуулайбыз”, — дейт ырчы.