Ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова тойканасынын ачылышын өткөрүүдө

Бүгүн, 20-январда ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова “Насип” тойканасынын ачылышын өткөрүүдө. Ага ырчылардын ата-энеси, жакындары, сахналаш достору жана шоу-бизнес чөйрөсүнүн дээрлик бардык өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чара SUPER TV телеканалында жана SUPER TV YouTube каналында түз эфирде көрсөтүүлүүдө.