Залина Касымова жол кырсыгына кабылды. “Акырегим сынып, азыр нес абалдамын” дейт кылкыякчы

Кечээ, 29-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, машина жолдон чыгып оодарылып, жол кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракат алып, бир адам каза тапты. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, автоунаа — Куралдуу күчтөрдүн унаасы болгон. Андагылар Баткенге концерт койгону бара жатканы маалым.

Жаракат алгандардын арасында ырчылар Нурчолпон, Бурулча Турдубек кызы, кылкыякчы Залина Касымова жана башкалар болгон. SUPERTV Залина Касымовага байланышканда, ал окуяны тастыктады.

“Унаада баш-аягы 16 адам болгон. Кырсыктан акырегим сынып кетти. Азыр нес абалда турам, абалым канааттандырарлык. Учурда Бишкектеги №4 шаардык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндөмүн” дейт Касымова.