Кыргызстан — Мьянма. Эсеп 2:0 (биринчи бөлүк)

Бүгүн, 11-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан Мьянма курама командасы менен беттешип жатат. Оюндун биринчи бөлүгүндө Кыргызстандын курама командасы эки гол киргизди.

Учурда биринчи тайм бүтүп, командалар 15 мүнөттүк тыныгууда. Биринчи таймдын оюн эсебин 25-мүнөттө чабуулчу Виктор Майер ачып берип, экинчи голду да Виктор Майер 45-мүнөттө Кыргызстандын эсебине кошту.