Футбол: Кыргызстан — Бангладеш — 2:0 (биринчи бөлүк)

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бангладештин футболчулары беттешип жатат. Оюндун биринчи бөлүгү аягына чыкты.

Ал эми эсеп боюнча, биринчи бөлүктүн 10-мүнөтүндө Кыргызстандын оюнчусу Эльдар Молдожунусов атаандашынын дарбазасына алгачкы гол киргизип, алдыга чыкты. Ал эми экинчи голду 38-мүнөттө оюнчу Алимардон Шүкүров киргизди. Оюндун экинчи бөлүгү 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин уланат.