Мээрим Жуманазарова кучагына батпаган гүлдесте алды

Балбан Мээрим Жуманазарова кучагына батпаган гүлдесте алды. Анын сүрөттөрүн спортчу кыз Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.

Өткөн аптада Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүн аэропорттон тосуп алууда Мээрим Жуманазарованын гана гүлсүз турган сүрөттөрү талкууга түшкөн. Кийин Маданият министрлиги гүл кыздардын баарына берилгенин маалымдаган болчу.