ЕВРО-2024. Испания чемпион болду

Бүгүн, 15-июлга караган түнү Берлинде ЕВРО-2024 футбол боюнча Европа турниринин алкагында финалдык оюн Испания жана Англия улуттук курама командаларынын ортосунда өттү.

Биринчи таймда эсеп ачылган жок. 2-таймдын башында (47-мүнөт) Нико Уильямс Ламин Ямалдын өткөрүп берүүсүнөн кийин каршылаштарынын дарбазасына гол киргизип, эсепти 1:0 кылды. 73-мүнөттө англиялык жарым коргоочу Коул Палмер эсепти теңеди. 87-мүнөттө испаниялык Микель Оярсабаль курама командасы үчүн дагы бир гол киргизип, Испанияны алдыга алып чыкты. Англия бул жолу да финалды жеңе алган жок.

Испания улуттук курама командасы ушуну менен 4-ирет Европа чемпиону аталды. Буга чейин алар 1964, 2008, 2012-жылдары бул мартабалуу кубоктун ээси болгон.

Беттештин эң жаш мыкты оюнчусу – Нико Уильямс
Турнирдин эң жаш мыкты оюнчусу – Ламин Ямал
Турнирдин мыкты оюнчусу – Родри