«100дөн ашуун спортчу катышат». Ошто «Алыш» белбоо күрөшү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Бүгүн, 1-майда Ош шаарындагы “Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде эркектер жана ардагерлер арасында «Алыш» белбоо күрөшү боюнча эл аралык турниринин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бүткүл дүйнөлүк «Алыш» федерациясынын президенти Баяман уулу Адилет, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, машыктыруучулар жана спортчулар катышкан. Мелдешке Өзбекстандан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 100дөн ашык спортчу катышууда. Спортчулар 9 салмак категориясы боюнча күч сынашат. Жеңүүчүлөр медаль, диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.