18 жаштагы жигит шахматтан дүйнө рекордун жаңылады

18 жаштагы индиялык гроссмейстер Гукеш Доммараджу шахмат боюнча дүйнөдөгү эң жаш чемпион аталды. Ал кытайлык Дин Лижэнэмди 7,5 — 6,5 эсеби менен жеңди.

Индиялык жигит орусиялык шахматчы Гарри Каспаровдун рекордун ашты. Гарри Каспаров 1985-жылы 22 жашында Анатолий Карповду жеңип дүйнөдөгү эң жаш чемпион аталган эле.