2022-жылы спортчулар 482 медаль утушту. Анын ичинен 126сы алтын

FS 70kg - Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Жыл ичинде спортчулар өлкөгө капчыгына жалпы 482 медаль алып келди. Атап айтканда, олимпиадалык спорт түрлөрүнөн 57 алтын, 68 күмүш, 113 коло. Олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнөн 42 алтын, 51 күмүш, 66 коло. Улуттук спорттун түрлөрүнөн 27 алтын, 26 күмүш, 32 коло медаль болду. Жыйынтыгында Кыргызстандын спорт капчыгына 126 алтын, 145 күмүш, 211 коло менен толукталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугун багындырып, кыргыз спортун алга сүрөштү. Дүйнөлүк аренада эң негизги жетишкендик катары, Кыргызстандын курама командасы дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунга чыгып, дүйнөлүк курама командага кирди.
Өлкө казынасынын эсебинен 2022-жылы Кыз келиндер спорт-комплекси курулуп, ишке берилди. 2022-жылы Баткен облусунда инвесторлордун жардамы менен ал эми Нарын облусунда жергиликтүү органдар менен биргеликте ат майданынын курулуш иштери башталды. Учурда спорт тармагында төмөнкү долбоорлор ишке ашып жатат, алар: Мектеп лигасы (футбол, валейбол, баскетбол жана шахмат), Студенттер лигасы, (футбол, валейбол, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол), Я чемпион (хоккей, лыжа менен жарыш) долбоорлору болуп саналат.