2023-жылы Кыргыз спортчулары 812 медаль утту

2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 13 475 адамдын катышуусу менен 285 республикалык спорттук-массалык иш-чара, 10 252 спортчунун катышуусу менен 206 эл аралык спорттук-массалык иш-чара, 301 облустук, 359 шаардык жана 570 райондук спорттук-массалык иш-чара 92 964 адамдын катышуусунда, 207 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, Ата Мекендик спортчулар 254 эл аралык мелдешке жөнөтүлдү.
2023-жылы кыргыз спортчулары 812 медаль утту. Алар 258 алтын, 241 күмүш жана 313 коло болду.