2028-жылы өтө турчу Олимпиадага бокс кирбей калабы?

Учурда Эл аралык Олимпиада комитети Эл аралык бокс ассоциациясына кирген федерациялардын мушкерлерине 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат бербей жатат.

2020-жылдын декабрында Орусиянын бокс федерациясынын мурдагы башчысы Умар Кремлев Эл аралык бокс ассоциациясына башчы болгон. Эл аралык Олимпиада комитети анын ишине нааразы болгон. Ошондой эле азыр санкцияларга кабылган Газпромдон каржылык көз каранды болуп турганы да жаккан эмес.

2022-жылдын сентябрында Эл аралык бокс ассоциациясы Украинанын бокс федерациясына мүчөлүгүн токтоткон. 2022-жылдын октябрында Эл аралык бокс ассоциациясы Орусия менен Беларустун мушкерлерине өз желектери жана гимндери астында беттешүүгө уруксат берген.

2022-жылы Эл аралык Олимпиада комитети боксту жокко чыгарган. Олимп оюндарынын спорт директору Кит Макдоннелл бокс боюнча Умар Кремлевдин дарегине кат жазган. «Учурда бокс 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарынын спорттук программасына киргизилген жок», — деп жазылат маалыматта. 

2023-жылы Эл аралык Олимпиада комитети Эл аралык бокс ассоциациясын тааныбай турганын жарыялаган. Ал эми Париж Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерди Эл аралык Олимпиада комитети уюштурган. Бирок Парижде Эл аралык Олимпиада комитети мындан ары бокс боюнча мелдеш өткөрбөй турганын жарыялады.

2028-жылга чейин Лос-Анджелес Олимпиадасында бокс боюнча мелдештерди өткөрө турган орган түзүлүшү мүмкүн.