33 жыл күтүлгөн алтын! «Наполинин» жеңишин Неаполь кантип майрамдады?

Бүгүн, 5-майга караган түнү Неаполь шаары өзүнүн футболдук командасынын Италия чемпионатындагы жеңишин дал ушундай фейерверктердин коштоосунда белгиледи.

«Наполи» клубунун «Удинезе» менен болгон оюну 1:1 эсебинде аяктап, бул аларга 33 жылдан кийин алтынды биринчи жолу алууга жол ачты. Буга чейин «Наполи» 1986/87 жана 1989/90-жылдардагы сезондо чемпион болгон.