48 жаштагы Эрали Аскарбек уулу жиу-житсу боюнча дүйнөнүн чемпиону болду

14-мартта Орусиянын Москва шаарында жиу-житсу боюнча кара курлар арасында дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Аталган мелдешке дүйнөнүн булуң бурчунан келген 27 команда катышты.

Бул чемпионатка 48 жаштагы кыргыз спортчусу Эрали Аскарбек уулу дагы катышып, 35 жаштан өйдө спортчулар арасында биринчиликти камсыздап, дүйнөнүн чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, Эрали Аскарбек уулу буга чейин дагы бир нече мелдештерде жеңүүчү аталган.

2014-жылы, Испания, Малага шаарында 60 кг салмагында грэпплинг боюнча дүйнөлүк жеңүүчү,
2015-жылы, Голландия, Амстердам шаарында 60кг салмагында грэпплинг боюнча дүйнөлүк жеңүүчү,
2016-жылы Италия, Олбия шаарында 60 кг салмакта грэпплинг боюнча дүйнөлүк жеңүүчү,
2018-жылы Казакстан, Астана шаарында 60 кг салмакта грэпплинг боюнча дүйнөлүк жеңүүчү,
2019-жылы Чехия, Прага шаарында Джиу Джитсу боюнча дүйнөлүк жеңүүчү,
2019-жылы Азербайжан, Баку шаарында грэпплинг боюнча дүйнөлүк жеңүүчү.