Абдумалик Карачов Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль алды

57kg FS - Abdymalik Karachov (KGZ)

Сауд Арабияда өткөн Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык спортчу Абдумалик Карачов 1-орунга ээ болду.

Эркин күрөшчү чейрек финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди жеңди. Андан соң ал Гвинеялык балбанды 48 секундда утуп, финалга өттү.

Финалдык беттеште Карачов Азербайжандын спортчусу Ислам Базарганов менен беттешип, алтын медаль тагынды.