Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында, бүгүн 11-апрелде эркин күрөш боюнча Абдымалик Карачов (57кг чейин) коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал чейрек финалда тажикстандык балбан Айаал Белолюбскийди 8:4 эсебинде жеңип, жарым финалда Монголиянын өкүлү Мунх Эрдене Батхуягга 1:4 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген. Коло медаль үчүн беттеште кореялык атаандашы Сангвон Ким беттешке чыкпай калгандыгына байланыштуу, жеңиш автоматтык түрдө Абдымалик Карачовго ыйгарылды.