Кечээ, 1-март күнү Кара-Балта шаарынын «Манас» спорт комплексинде республиканын Суперкубогу үчүн финалдык беттеш болуп өттү. Анда «Абдыш-Ата» клубу жана 2024-жылкы өлкө кубогунун ээси «Мурас Юнайтед» кез келди.
Беттештин негизги жана кошумча убакыты жеңүүчүнү аныктаган жок, андыктан пеналтилер сериясы ойнотулду. Анда «Абдыш-Ата» ийгилик жаратып, 4-3 голдук көрсөткүч менен атаандашты жеңди. Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев КФБ атынан «Абдыш-Ата» клубуна 2025-жылкы республикасынын Суперкубогун жеңгендиги үчүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлык сертификатын тапшырды. Ал эми беттештин мыкты оюнчусу болуп «Абдыш-Ата» дарбазачысы Султан Чомоев табылды.