Айаал Лазарев коло медаль үчүн болгон беттеште жеңилип калды

125kg FS - Aiaal Lazarev (KGZ)

Кыргызстандык Айаал Лазарев Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн беттешип, атаандашынан жеңилип калды.

Ал оюндарын 9-августта 1/8 финалдык баскычтан баштап, дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган ирандык спортчудан утулуп калган.

Финалга Ирандын спортчусу чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алган. Көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Десини 5:0 эсебинде утуп, 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Коло медаль үчүн беттеште түркиялык Таха Акгүл менен күч сынашып, жеңилип калды.