Айдана Оторбаева да бар. Борбордук Азиянын чемпионатына катышуу үчүн Кыргыздын кыз-келиндер командасы кимдерден турат?

Тажикстанда өтүүчү Борбордук Азия чемпионатына катышуу үчүн Кыргызстандын футзал боюнча курама командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

CAFA Women’s Futsal Championship 2022 турнири 19-29-январда Душанбеде өтөт. Кыргызстандын курама командасына 13 оюнчу кирген.

Анын курамы:

Дарбазачылар: Наталья Гайворонская, Жайна Өмүрбекова.
Талаа оюнчулары: Толгонай Алмазбекова, Айтурган Аскарова, Айжан Боронбекова, Ирина Дорофеева, Сезим Кубанычбекова, Кымбат Өмүрбекова, Айдана Оторбаева, Айпери Саскеева, Бактыгүл Токтоболотова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Назик Күмүшбек кызы.
Башкы машыктыруучу — Олег Гевленко, машыктыруучу — Андрей Пестряков, дарыгер — Данияр Мурсалиев, менеджери – Мадали Жумабаев жана медиа кызматкери — Мырзайым Кулжабаева.